Бир мандаттуу округдардан БШКга 12 арыз түштү

20-сентябрга карата өзүн-өзү көрсөткөндөр 12 адам болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Алар – Бакыт Төлөгөнов, Акылбек Сариев, Арсланбек Малиев, Атамша Дурсунов, Санжар Ибраимов, Анаш Сейтказиев, Нурлан Танабаев, Айбек Алтынбеков, Канат Исаев, Байыш Курманов, Актилек Нурланбеков жана Абдижалил Насиров.

Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек. Бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Буга чейин бирдиктүү округдан катышуу ниетин 75 партия билдирген.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Таза шайлоо болбогонуна нааразы болгон партиялар 5-октябрда митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо