Эки тонна жүзүм жана курулуш материалдары. Баткенде аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Чек ара кызматынан маалымдашкандай, Лейлек районунда бүгүн аткезчилик жүк алып өтүүгө аракет кылган эки учур катталган.

Алардын бири Лейлек районунун Сай аймагында Тажикстандан Кыргызстанга 2400 кг жүзүмдү мыйзамсыз алып өтүп жаткан.

Ал эми экинчиси өлкөгө курулуш материалдарын алып кирүүгө аракет кылган.

Кармалган жарандар менен товарлар кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо