Ош шаарына жаңы вице-мэр дайындалды

Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, бүгүн, 21-сентябрда кол койгон.

Ал 1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган.

Эмгек жолун 2004-2010-жылдары «Фондрегистр» жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад облусундагы филиалында директордун орун басарлыгынан баштаган.

2014-2016-жылдары Улуттук статистика комитетинин бир нече бөлүмдөрүндө эмгектенген. 2016-жылдан баштап Өкмөттүн Аппаратында, ушул жылдын 15-апрелинен баштап Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө эксперт болуп иштеп келген.

Буга чейин Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Эмил Шадыханов иштеп келген.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо