TMGнын иликтөөсүнөн кийин Кара-Сууда жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

TMG телеканалынын журналисттик иликтөөсүнөн кийин Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жер сатууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты Х. М кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Т-Медиага» билдиргендей, жергиликтүү кеңештин депутаты үлүш жерлерге токтом чыгарып, кызыл китеп жасап берген. Анын айынан 20дан ашуун адам жабыркаган.

«Күнөөлүү катары күнөөсү угузулуп, азыр шектүү катары бир айга камакка алынды. Жабыр тарткан жарандар мыйзамсыз токтом чыкканын билбей, ошол жерге ээлик кылып жатышат. Булардын экинчи жагынан жарандык укуктары да бар. Ошондуктан буга сот тарабынан гана чекит коюлат»,- деди Аширбаев.

Ушул жылдын февраль айында TMG телеканалы журналисттик иликтөө жүргүзүп, Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз сатылган 30 гектардан ашуун үлүш жерди аныктап чыккан.

Мындан улам 9-февралда ТMG телеканалынын кеңсесине Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн 20дай тургуну бастырып кирүүгө аракет кылган. Алар журналисттерден иликтөөн чыгарбоону талап кылышкан.

Бул тууралуу TMG телеканалы Ош облустук прокуратурасына жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Бирок азырга чейин жыйынтыгы чыга элек.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо