Ош шаарынын өчүп кеткен жол сызыктары. Сүрөттөр

Ош шаарынын көчөлөрүндөгү жол сызыктар быйыл дагы өчүп кетти. Жаңы окуу жылы башталып, шаар студенттер, окуучуларга толгону менен дээрлик жөө адамдар өтүүчү жол сызыктар жок.

Белгилердин өчүп жок болуп кеткени, шаар тургундарынын айтымында  жөө жүргүнчүлөргө да айдоочуларга да ыйгайсыздык жаратууда.

«Азыр шаарга студент, окуучулар келген. Унаа кыймылы көп. Азыр баардык көчөлөрдө жол сызыктар көрүнөр-көрүнбөс болуп турат. Бул нерсе айдоочуларга деле ыңгайсыз болсо керек. Камера койгондон мурда сызыктарды жакшылап оңдоп койсун. Чоң эле аял мен корком жолдон өтүүдөн качан унаа уруп кетет деп», —дейт Кенже Төпөева.

Ал эми Ош шаардык бийлиги болсо быйыл дагы коопсуз шаардын ишке ашышын күтүп жатат.

«Шаарда Абыдкадырова, Ленин, Курманжан датка жана Масалиева көчөлөрү бизге карайт. Биз боло турган жердин баарын белгиледик», — дейт Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов.

Бирок, биз жогоруда жетекчи айткан көчөлөрдө да жол сызыктары жаңыланганын көрө алган жокпуз.

Эске салсак, 2019-жылдын 27-июлунда ошол эле жолдор башкармалыгы «Т-Медиа» сайтына «Акча жылына бир гана жолу бөлүнөт. Быйылкы жылы жол сызыктары үчүн 500 термопласка (жол сызыктарын чийүүчү суюктук) каражат бөлүндү. Июль айынын аягынан баштап «Коопсуз шаарга» термопластты баштайбыз. Бул жылы жол сызыктарынын баары термопласттан болот» деп жооп берген болчу. 

2021-жылга Ош шаардык жолдор  башкармалыгына калаа казынасынан 100 млн сом бөлүнгөн.

Миллиондорго жамалган Ош шаарынын жолдорун бул шилтемеден көрүңүз. 

Даярдаган: Аймээрим Дарбанбек кызы

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо