Өлкөдө кызматы менен өзгөчөлөнгөндөр сыйланды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда ар кыл тармактын өзгөчөлөнгөн өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлык тапшырды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей сыйлоо аземит өлкөнүн 30 жылдыгынын урматына уюштурулган. Төмөндө салтанаттагы сүрөттөр менен бөлүшөбүз.
Иш чарада Садыр Жапаров мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн түзүүдөгү эмгегин да белгилеген. Президент алардын жакындарына «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын тапшырды.
Сыйлык дарыгер, мугалим, машыктыруучу, укук коргоочу жана башка тармактардын өкүлдөрүнө берилди.

"Презиндент аларга өлкөнүн дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык жемиштүү эмгеги, Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди"-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары бүгүн маданият тармагынын ишмерлерине да мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу пландаштырылган.
Сүрөттөр: сыйлоо аземинен, автору Султан Досалиев.