
Садыр Жапаров 21-сентябрда Кыргызстандын президенти катары биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясында видео кайрылуу жасады. Ал Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар» деп билдирди.
Мамлекет башчы кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп жатканын, зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандылар менен калдыктарды утилдештирүү сыяктуу экологиялык кесепеттерди өздөрү чечүүгө аргасыз болгонун белгиледи.
«Отуз жыл бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин чечүү үчүн эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү илгерилетип келет. БУУнун Башкы ассамблеясынын учурдагы сессиясында «Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунан» биз 2022-жылды кайрадан Эл аралык тоолор жылы деп жарыялоону, Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы «Бишкек+25» Глобалдык саммитин чакырууну демилгелейбиз», — дейт Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жыл «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыяланганын эске салган.
2002-жылы Бишкекте биринчи глобалдык тоо саммити, ал эми 2018-жылы IV дүйнөлүк тоо форуму өткөрүлгөн.
Оставьте первый комментарий