
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл толду.
Мамлекеттик тил өлкөдө иш кагаздарды жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө милдеттүү колдонулат. 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий макамга ээ.
Анткен менен мамлекеттик тилге байланышкан кемчиликтер коомдо кызуу талкууланган темалардын бири. Көптөгөн көчөлөрдүн аталыштары, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардагы одоно ката менен жазылган көрүнүштөр коомчулукта катуу талкууланып келет.
Оставьте первый комментарий