БШКга бир мандаттуу округдардан 22 арыз түштү

23-сентябрга карата Жогорку Кеңешке депутаттыкка өзүн-өзү көрсөтүп БШКга арыз жазган талапкерлер 22ге жетти. 

Алар бир мандаттуу 16 округдан арыз таштаган:

Лейлек шайлоо округунан;

  1. Бекмуратов Баймурат;

Кадамжай шайлоо округунан;

  1. Насиров Абдижамил
  2. Талипов Нурали 

Куршаб шайлоо округунан;

  1. Танабаев Нурлан
  2. Ибраимов Санжар

Жалал Абад шайлоо округунан;

  1. Шаимкулов Манас

Сузак шайлоо округунан;

  1. Кебекбаев Сабыралы 
  2. Абдыбахапов Абдыманап

Ноокен шайлоо округунан;

  1. Сыдыков Бактыбек 
  2. Арстанбеков Акылбек 

Базар-Коргон шайлоо округунан;

  1. Алтынбеков Айбек

Ленин шайлоо округунан;

  1. Нурланбеков Актилек 

Окрябрь шайлоо округунан;

  1. Усупов Тилек 

Ысык-Ата шайлоонан;

  1. Дурсунов Атамша 
  2. Курманов Байыш 

Чүй-Кемин шайлоо округунан;

  1. Сейтказиев Анаш 
  2. Исаев Канатбек 

Кочкор шайлоо округунан;

  1. Алымжанов Айбек

Жети-Өгүз шайлоо округунан;

  1. Малиев Арсланбек
  2. Төлөгөнов Бакыт 

Ысык-Көл шайлоо округунан;

  1. Тукунов Акжолтой 

Нарын шайлоо округунан;

  1. Сариев Акылбек.

Парламентке 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандатту округдан шайланышы керек. Бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Таза шайлоо болбогонуна нааразы болгон партиялар 5-октябрда митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 398 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо