Бензиндин баасы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ аймагында үчүнчү тепкичте. Инфографика

Кыргызстанда бензин баасынын кымбатташы уланууда. Сентябрдын аягында Аи-92 жана Аи-95 маркасындагы күйүүчү май Орусияга салыштырмалуу 2-3 сомго жогору сатылып калды. 

Өлкөгө күйүүчү майдын дээрлик баары Орусиядан келет. Ага карабай, бензин салыштырмалуу буга чейин арзан болчу.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү күйүүчү майдын баасын салыштырып көрдү. Анда эң төмөнкү баа Казакстанда, эң кымбаты Арменияда белгиленген:

Бугай чейин Нефтетрейдерлер биримдиги, Орусия күйүүчү майды экспорттук төлөмү (пошлина) менен бере баштаганына байланыштуу бензиндин баасы сентябрдан тарта дагы көтөрүлөрүн эскерткен.

Кыргызстан жылына 1,1 млн. тоннадай күйүүчү жана майлоочу май керектейт. Орусия 2016-жылы Кыргызстанга мунай жана мунай продуктуларын төлөмсүз жеткирүү боюнча чечим кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандагы импорт, ички өндүрүш жана колдонууну эске алуу менен атайын индикативдик план түзүлгөн. Пландын негизинде Орусия белгилүү бир көлөмдөгү мунай жана күйүүчү май жөнөтүп турат.

Нефтетрейдерлер биримдиги соңку беш жылдан бери керектөө өскөнү менен Кыргызстанга алынып келинген майдын көлөмү өзгөрбөгөнүн белгилөөдө. Улуттук статистика комитети май айында күйүүчү май 5 айда 34%га кымбаттаганын билдирген.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 398 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо