
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматовдун бөгөт чарасы каралып, 20-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлады.
«Соттун 22-сентябрында токтомуна ылайык, Нурматовго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2021-жылдын 20-ноябрь күнүнө чейин тандалды. Ал УКМКнын тергөө изоляторуна калтырылат» -, деп айтылат маалыматта.
Нурматов “500 миң долларлык алдамчылыкка (2013-жылы) шектелип кармалганын» жана ага карата сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, убактылуу кармоочу жайга камалганын 20-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирген.
55 жаштагы Кубанычбек Нурматов 2012-2015-жылдары Эсеп палатасында аудитор болуп эмгектенген. 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Былтыр 29-августта мандатын тапшырган.
Оставьте первый комментарий