ТИМ: Индияда киши колдуу болгон эне-баланын сөөгүн Бишкекке алып келүү каралууда

Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында баласы менен чогуу киши колдуу болгон келиндин өлүмү тууралуу түшүндүрмө берди. 

Министрлик тараткан расмий кабарга ылайык, маркумдун Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанда жерге берүүгө макулдук берген. Учурда Бишкекке алып келүү маселеси каралып жатат.

Келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

22-сентябрда Индиянын ЖМКлары 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келин Нью-Дели шаарында бир жашар уулу менен чогуу өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат жазышкан.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*