Айтыш: 300 миң сомдук «Алтын комузду» Баян Акматов жеңип алды

Видеодон скриншот алынды

Ош шаарында 22-23-сентябрда Республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Жарышка 40 акын катышкан. 

Финалда баш байгени төкмө акын Баян Акматов жеңип алды. Ал 300 миң сомдук алтын жалатылган «Алтын комуз» жана 80 миң сомдук акчалай сыйлык жана «Ак таңдай» аттуу алтын төш белги алды. Биринчи орунду Айсааба Базарбай кызы  алды. Ага 70 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Ал эми 2-орунду алган Жылдызбек Төрөканов 50 миң сом, 3-орунду ээлеген Мамбеттокто Мамбеторозо уулу 40 миң сом менен сыйланышты.

Мындан тышкары калган төкмө акындар 10 миң сомдон кызыктыруучу акчалай сыйлык алышты.

«Ак таңдай» аталышындагы айтыштын тандоо туруна 20 жуптан 40 акын ат салышып, алардын 16сы финалга жолдомо алышкан. Булардын экөө Казакстандан келишти. Аларды казак элинин төкмө акыны Бөрүбай Орозумбетов жетектеп жүрдү. Ал эми КР Эл артисттери Саламат Садыкова жана Түгөлбай Казаковдор баштаган өнөр адамдары калыстар тобунда болушту.

Республикалык деңгээлде өткөрүлгөн акындардын айтышы эки күнгө созулду. Ага «Алтын комуздан» сырткары байге фондуна Президенттик фонддон 500 миң сом акча каражаты да бөлүнгөн.

«Ак таңдай» деп аталган акындардын «Алтын комуз» үчүн айтышы ушуну менен экинчи ирет өткөрүлүп жатат.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*