Асылбек Жээнбеков 30-ноябрга чейин абакта калтырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асылбек Жээнбеков 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына калтырылды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 24-сентябрда анын бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылды», -деп айтылат маалыматта.

Асылбек Жээнбеков 31-майда УКМКга суракка чакырылып, 1-июнда камакка алынган. Эл өкүлү «Кумтөр» иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде шектелип жатат.

Ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Ал 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал эми Төрөбай Зулпукаров Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо