Тажикстанга белгисиз кишилер алып кирип кеткен эки өспүрүм кайтарылды

Тажикстанга белгисиз кишилер алып кирип кеткен кыргызстандык эки окуучу кайтарылды. Маалыматты президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Азат Курбанбеков «Т-Медиага» билдирди.

Айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөргө Баткен жана Согди облусунун башчылары жана чек ара кызматтарынын аймактагы башчылары катышты.

Ал эми УКМКга караштуу Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер 23-сентябрда алып кетишкен.

«Алдын ала маалымат боюнча балдар чек арага жакын тилкеде контрабандалык жүктү өткөрүүгө жардам беришкен. Тажик тарап аларды такталбаган аймакта кармап, Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү авто унаасын кошо алып кирип кетишкен» — деп айтылат маалыматта. 

УКМК өспүрүмдөрдү кармап кетүүгө Тажикстандын күч органдарынын катышы бар-жогу такталып жатканын билдирди. Ошондой эле чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында Лейлек районунда жайгашкан чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипке өттү.

23-сентябрда да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан. Окуя Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон. Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп койгон. Кыргызстандык окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Абалдары жакшы.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*