Кара-Суу: «Ооматтын» сатуучулары базардын жаңы ээсине нараазы

Кара-Суу шаарындагы «Оомат» базарынын сатуучулары 23-сентябрда райондук администрациянын алдына нааразылыкка чыгышты. Алар базардын жаңы ээси сатуучулар менен жаңы келишим түзүлөрүн, ар бир контейнерден беш жылга 5000 доллардан талап кылып жатканын билдиришти.

Чынара Табалдиева Кара-Суудагы Оомат базарында 20 жылга жакын убакыттан бери соода кылат. Бүгүн ал чогуу иштеген 70 ашуун соодагерлер менен бирге акимчиликтин алдына келди. Буга себеп базардын жаңы жетекчилигинин алардын ар биринен 5000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып жатканы болууда.

«Үч бала келип, «ушул катарды (ред-базардын ичиндеги) эле сатып алдык» дешти. Бул катардын ээси Аскарали деген болду дешти. Өздөрүн тааныштырган жок. 5000 долларды угуп кан басымым көтөрүлүп кетти»,-деди Табалдиева.

Соодагерлерге базардын жаңы жетекчилиги талап кылынып жаткан акча эмне үчүн чогултулуп жатканын түшүндүргөн эмес. Алар ансыз деле ай сайын жер акысын, коммуналдык кызматтар учун жана кароолчуга акча төлөп иштеп жатканын айтып, мындай чоң суммадагы акчаны төлөө алардын капчыгына туура келбесин кошумчалашты.

«Айрым сатуучулардын жалпы товарын чогултса да беш миң доллар чыкпайт.»Машинамды сатсам дагы жетпейт» деп жатышат. Сураган акчасын берип коюп ачка олтурушубуз керекпи»,- деди сатуучу Гүлмира Курбанова.

Жергиликтүү бийлик эмне дейт?

Нааразы болгондор менен Кара-Суу районунун акими Турсунбек Ногоев жолукту

Нааразы болгондор менен Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жолугуп, талаптарын укту. Ал эки тараптын талашы мыйзам чегинде каралаарын айтты.

«Элдер ичик иштер бөлүмүнө арыз жазышат, анын алкагында иш алып барабыз. Базардын ээси да жекелик болуп жатканы үчүн баарын мыйзам чегинде болушу керек»,- деди Ногоев.

Кийинчерээк сатуучулар менен болгон жолугушууга базардын жаңы жетекчиси келип, суралып жаткан 5000 доллар базарды оңдоп түзөөгө жумшалаарын айтып, төлөөдөн баш тарткандар соода орунун тапшырууга туура келерин кошумчалады.

Кара-Суудагы базар Борбор Азиядагы эң чоң соода аймактарынын бири. Кыргызстанда «Дордойдон» кийинки орунда турат. Аянты 24 гектар. Курамында 20дан ашык жеке менчик жана муниципалдык базарлар бар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо