
Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Болот Баетов менен Шахназар Бакир уулу депутат болуп келди. Аларга мандатты бүгүн, 24-сентябрда Ош аймактык шайлоо комисиясынын төрагасы Бакыт Алматов тапшырды.
Алар мурда мыйзамсыз мандат алып кайра тапшырган Бекмурза Эргешов менен Нурбек Исмаиловдун ордуна келишти. Ал эми Дөөлөтбек Көкөчөровдун орду азырынча бош турат.
Болот Баетов — юрист. Ал буга чейин бийликчил делген «Биримдик» партиясынан, андан кийин «Ата-Журт Кыргызстандан» депутатыкка талапкер болуп үч жолу шайлоого катышкан. Ал эми Бакир уулу Шахназар «Сапат Глобал» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси. Ал дагы буга чейин «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан.
Быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана кайра шайлоо 11-июлда өткөн.
Ошто 45 мандаттын 19у «Ата-Журт Кыргызстанга», 15и «Биздин Кыргызстанга», жетөө «Улуттар Биримдигине», төртөө «Бир Болго» ыйгарылган.
Шайлоодогу манипуляция: Ошто «жумшак рейтингди» пайдаланып, депутаттыкка ишкерлер келди
Оставьте первый комментарий