165 миллион сом бөлүнгөн. Төө-Ашуудагы жолдун курулушу октябрда аяктайт

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма соз кызматы

Бүгүн, 25-сентябрда премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек-Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуунун түштүк тарабы) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Төө-Ашуудагы унаа жолго асфальт-бетон төшөлүп жатат. Аба ырайы жакшы болсо, крулуш иштери ушул жылдын октябрь айынын башында аяктайт.

“Улукбек Марипов эл аралык транспорттук жолдун стратегиялык маанисин, анын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин белгилеп, курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды“- деп айтылат билдирүүдө.

Жолду оңдоого бюджеттен 165 миллион сом бөлүнгөн.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*