ИИМ аскер кызматкерлеринин маянасы жогорулатылды

1-октябрдан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Буйрукка 24-сентябрда премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. 

Мындай чечим, социалдык кепилдиктерди камсыздоо жана аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынды.

Буга чейин ИИМ аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган иш-чарасында президент Садыр Жапаров, 1-октябрдан тарта айлык маянаны 40%га жогорулатууну убадалаган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*