Министрлер кабинети: быйыл бюджеттин кирешеси 30,7 млрд сомго жогорулайт

Өкмөт бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетин карады. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, келерки жылда казынанын киреше көлөмү 203,6 млрд сом болот деп болжондонуп жатат. 

Ал эми, бюжеттин чыгаша бөлүгү кирешеден 9 миллиардга көп, 212,7 млрд сомго белгиленди. Ошондой эле, аткаруу бийлиги быйыл бюжеттин киреше бөлүгү болжондонгондон 30,7 млрд сомго жогору болоорун айтты.

«Быйыл көптөн бери биринчи жолу аскерлердин тамак рациону жакшыртылды, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусун калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү. Коронавирустук инфекцияга каршы вакцина сатылып алынды, 1-октябрдан тарта пенсиялардын жана социалдык төлөмдөрдүн базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Мындан тышкары, мамлекет айлыктарды жана пенсияларды төлөө боюнча социалдык милдеттенмелерин толук аткарууда», – деп белгилеген Улукбек Марипов.

Премьер-министр салык кызматы, белгиленген планды 105 %га аткарганын кошумчалаган.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*