Ош жана Баткенде катталган жок. Коронавирус дагы 79 кишиден аныкталды

Кыргызстанда коронавирус бир күндө дагы 79 кишиден катталды. Оорудан 2 бейтап көз жумуп, сутка ичинде 107 адам сакайып чыкты.

Инфекция Ош шаарында жана Баткен, Нарын облустарында жаңы катталган жок. COVID-19дун Бишкекте – 41, Чүй облусунда – 21, Ош жана Талас облустарында бирден, Ысык-Көлдө – 12, Жалал-Абадда –  3 учур аныкталды.

Ушуну менен пандемия башталган өткөн жылдын март айынан бери ооруну жугузуп алгандар 178 202ге жетти. Анын ичинен 172 764 бейтап сакайып, 2599 киши каза болду.

Учурда стационарда 508, үйдө 853 адам дарыланып жатат.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1494 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*