
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги “Бурана мунарасын коргоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн оңдоп-түзөөгө 200 миң доллардан ашуун каражат бөлөт. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бурана мунарасынын бузулган чатыры калыбына келтирилип, дубалдары жер титирөөгө туруштук бере турган болуп ондолот.
“Улуу Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана биз ал дагы миң жыл бекем турат деп үмүттөнөбүз. Бүгүн биз кыргыздын улуттук байлыгын сактоону колдоо үчүн Кыргыз-АКШ өнөктөштүгүн белгилеп жатабыз,” — деген АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.
Долбоордо Маданият министрлигинин жана мунаранын музей-комплексинин кызматкерлерин окутуу да каралган. Аны Кыргызстандын Маданият министрлиги, Эл аралык эстелик фондунун америкалык эксперттери жана Борбордук Азиядан келген жергиликтүү эксперттер ишке ашырат.
Белгилей кетсек, АКШнын 2001-жылы Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү уникалдуу маданий мурастарды коргоо үчүн AFCP уюмун түзгөн. Ал буга чейин Кыргызстанда Өзгөн күмбөздөрүн сактоо, Кыргыз мамлекеттик тарых музейиндеги уникалдуу алтын коллекциясын калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусундагы 11-кылымдагы Шах-Фазил күмбөзүн сактоо долбоорлорун ишке ашырууга жардам берген.
Бурана мунарасы мамлекет тарабынан корголот. Ал X-XI кылымдарда курулган. 2014-жылы ал ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастары тизмесине кирген.
Оставьте первый комментарий