
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Кара-Суу районунан келген тарапташтары аны үй камагына чыгарууну суранышууда. Бул тууралуу алар бүгүн, 29-сентябрда Ош шаарында өткөн маалымат жыйынында билдиришти.
Тарапкерлердин бири Куттубай Эсенбаевдин айтымында, Асановду №50 тергөө абагына камоо акыйкатсыздык. Ал экс-министр фейк маалыматтын негизинде кармалганын жана күнөөсү жоктугун айтат. Асановдун жакындары 2010-жылдагы Ош окуясында эки элди элдештирүүдө Курсан Асановдун чоң салымы бар экенин белгилешет.
“Курсан Асановдун Ош шаарына жасаган эмгектерин эл унутпайт. Ал киши өлкөдө кандай кырдаал болбосун жетип барчу. Азыркы отурган жери туура эмес. Урматтуу, президент Асановду үй камагына чыгарып бериңиз” -деди Эсенбаев.
Асановдун тарапташтары бул шайлоого жакын атайын каралоо дешүүдө.
Министрдин мурдагы орун басары Асановго жакында Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренесинин негизинде айып коюлуп, ал Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына камалды. Ага чейин Асановго карата төрт иш козголгон, алардын үчөө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып келатат.
Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу «Имаратты жана мекемени басып алуу» деген берене боюнча да айып тагылган. Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу. Анын сотунда күбөлөр берген көрсөтмөлөрдүн көбү актаган мазмунда болуп жатканын 16-июнда жактоочулар билдирген.
Автор: Аймээрим Дарманбек кызы
Оставьте первый комментарий