Ош: айрым үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жарандарды жеке менчик лабороторияга жөнөтүүдөбү?

Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору эртең мененки саат сегизден, кечки бешке чейин бейтаптарды кабыл алуусу керек. Бирок жарандар Ош шаарындагы айрым бейтапканалар график менен иштебей жатканын жана жеке лабораторияларга көрсөтмө жазып берээрин айтып «Т-Медиага» даттанган. Биздин редакция калаадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун бирине жарандык көзөмөл жүргүздү.

Оштун тургуну Мээрим кош бойлуу болгондуктан шаардык №1 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетинчи филиалына кайрылган. Ал каттоосу боюнча баргандыктан акысыз анализ тапшырам деп ойлогон. Бирок мамлекеттик ооруканадагы дарыгер ага жеке менчик «Бонецкий» лабораториясына көрсөтмө жазып берген.

«Мен каттоомду №7 поликлиникага койгом. Кош бойлуу кезимде ал жакка врачка кайрылсам, анализ тапшыр деп «Бонецкийдин» кагазына көрсөтмө жазып берди. Менден анализ алган медайымга үч анализге 1050 сом төлөдүм. Бирок эч кандай чек  алган жокмун» — дейт Мээрим.

№7 филиалга киргенде эле оң тарапта ийне сайуу бөлүмү бар. Иш күнү эртең менен саат сегизде башталганына карабай, элдер жетиде эле келип кезекке тура башташат. Мында жалгыз кызматкер иштейт. Анализди да алат, кайра кагаз иштерин да толтурат.

«Шеригим бир жыл мурун иштен кеткен. Жаңы кызматкер табылбай жатат. Өзүм жетишип иштеп жатам. Адам көбөйүп кетсе, башка дарыгерлер жардамга келет»- дейт медайым Наргиза Юлдашова.

Ооруканага кеч келген жарандар бир сааттап кезек күтүп калган учурлар болот.

«Мурун эки кызматкер бар эле. Азыр бирөө болуп калыптыр. Башта бири кагаз жазып, бири кан тамырдан кан алат эле. Эрте келип кезек алсаң эрте эле бүтөт. Кеч келсең 1-1,5 сааттап кезек күтөсүң» — дейт кезек күткөндөр. 

Биздин телетоп кезек күткөндөрдүн арасынан жеке менчик «Бонецкий» лабораториясына көрсөтмө жазылган дүмүрчөк кармаган кош бойлуу келинди жолуктурган. Ал көрсөтмөнү ушул оорукана жазып бергенин айтып, бирок камерага сүйлөөдөн баш тартты. Кезек күтүп тургандар, буга чейин эле «Бонецкийге» көрсөтмө алып жүргөнүн айтып берди.

«Биз ооруганда дайыма эле «Бонецкийге»,  AQUAга тапшырабыз. Ал 1800дөй акча болчу. Азыр кагаздарым деле бар. Дайым эле ушул жерден көрсөтмө берип жөнөтүшөт» — деди атын атагысы келбеген бейтаптардын бири.

Бул ооруканда жалпы 96 кызматкер иштейт, алардын 31и дарыгер. Бир бөлмөдө түшкө чейин бир, түштөн кийин экинчи дарыгер бейтаптарды кабыл алат. Алардын графиги ар бир эшикке илинип, кабыл алуу сааттары жазылган.

Биздин редакцияга жарандар аталган филиалдагы дарыгерлер жумуш соңуна чейин иштебей, аларды табуу кыйындыгын айтып кайрылган. Мындан улам маалымат алуу үчүн ооруканага барып башкы дарыгерди да, анын жардамчысын да иш бөлмөлөрүнөн таба албадык. Кызматкерлер жетекчи жана бир топ дарыгерлер семинарга кеткенин айтышты.

«6-7 врач семинарга кеткен. Башкы дарыгер да ошол окутууда» — деген клиникалык жетекчи Гүлзина Малабаева.

Телетоп окутуу өтүп жатат деген жайга да барып көгөн. Ал жерде дарыгерлерди кезиктирип, бирок жетекчини таба алган жок. №7 филиалдын жетекчиси так маалымат берүүдөн баш тартып, №1 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунан уруксат алууну талап кылды. Ал ооруканада эч кандай мыйзамсыз иштер болбогонун айтып, коюлган айыптоолорду толугу менен четке какты.

«Сиз эмне министрликтен келдиңизби. Мен эмнеге сизге жооп беришим керек?  Балким, асмандан алып айтып жатасың. Андай болгон эмес. Бизди тартпай, кагаз түрүндө кайрылгыла. Мен териштирип көрөм» —  деди №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетинчи филиалынын жетекчиси Жеңишбек Зупаров.

Ал эми №1 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилиги аталган филиалдагы биз айткан иштерден кабары жок экенин айтып, мындан ары текшерүүгө алаарын билдирди.

» «Бонецкийге» көрсөтмө бергени тууралуу маалымат түшкөн эмес. Бизде азыр эки филиалда биохимия жасалат. Ошол жерден анализ тапшырышат. Азыр бул маалыматты сиздерден угуп жатабыз. Эми териштирип, көзөмөлгө алабыз» — деди №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Рысбек Алдашүкүров.

Алдашүкүровдун айтымында, мамлекеттик ооруканада жеке менчик лабораториянын көрсөтмөсү жазылганы мыйзамсыз.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1349 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*