
Ош шаардык мэриясынан ипотекалык негизде үй алгандардын ичинен 91и айлык төлөмүн төлөй албай, 30унун иши сотко өтүү алдында турат. Бул тууралуу «Т-Медиага» муниципалдык ипотека ишканасынын директору Кутманалы Абдрахман уулу билдирди.
«Карызын төлөбөгөн 91 адамды үчкө бөлүп карасак болот. Биринчиси — 30 күндүк кечигүүлөрү бар жарандар. Биз аларага оозеки эскертүү беребиз. Экинчи топтогулар — карызы 60 күндөн ашкандар. Аларга соттук териштирүүнүн алдындагы кагаз түрүндөгү эскертүү берилет. Ал эми 90 күндөн ашып кеткендерди соттук тартипке өткөрөбүз. Ошондой режимге өткөн жарандардын саны 30ду түзөт. Бүгүнкү күндө биздин тиешелүү кызматкерибиз сотко өткөрүп берүү документтери менен «Айыл банкка» кайрылды. Келишимдин эрежеси боюнча карызын 90 күндөн кийин төлөй албаган жарандарды соттун чечими менен үйлөрүнөн чыгарабыз. Башка арга жок. Карызын төлөй албагандардын басымдуусун жумушсуз калган жарандар түзүүдө. Мисалы, үй алып атканда иши бар болуп, кийин айлыгы кыскарып кеткен же болбосо жумуштан бошотулуп калган , -дейт Абдрахман уулу.
Ош шаардык мэриясы 2010-жылдагы коогалаңда жабыр тарткандарга берилген үйлөрдөн артып калган 400дөй батирди ипотекалык негизде шаардыктарга бөлүп берген. Алгач алты пайыз үстөк акча менен берилсе, жыл башында төрт пайызга түшүрүлгөн.
Оставьте первый комментарий