ОшТВ телеканалына Марат Акимбек уулу жетекчи болду

Марат Акимбек уулу ОшТВ телеканалына башкы директор болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты «Т-Медиага» ал өзү тастыктады.

Жаңы жетекчини жамаатка бүгүн, 29-сентябрда Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров тааныштырды.

Буга чейин аталган телеканалды Керимбек Калыкулов жетектеп келген.

29 жаштагы Марат Акимбек уулу эмгек жолун ОшТВда кабарчы болуп баштаган. Буга чейин «Жетинчи канал», «Ош Пирим» «Ынтымак» КРТРКсы, TMG телеканалында жана «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы болуп иштеген.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1349 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*