Президент Улуттук банктын төрагалыгына Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады

Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-сентябрдагы президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады.

Ал Толкунбек Абдыгулов өз арызы менен иштен кетип жатканын айтып, анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаев көрсөтүлүп жатканын, муну биринчи болуп карап берүүнү суранды.

Кубанычбек Бөкөнтаев Бакиевдин доорунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Ал ошондой эле Кыргызстандагы депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болуп саналат.

Күн мурун депутат Дастан Бекешев Telegram каналына Улуттук банктын төрагасы алмашаарын жазган.

Президент сунуштап жаткан Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Депозиттерди коргоо агенттинин директорлор кеңешин жетектеген.

Жергиликтүү басылмаларда анын аты акыркы жолу Жогорку сот Марат Алапаевдин ишин кайра кароого жөнөткөндө аталган. Анда Алапаев «Ысык-Көл инвест банкты» бозгун президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен бирге басып алууга айыпталган болчу.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*