
Бүгүн 29-сентябрда Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, силкинүү саат 13:40 чамасында болгон. Сузак районунун Көк-Жаңгак, Михайловка, Сары-Булак айылдарында күчү 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин жеткен.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Оставьте первый комментарий