Атыр Абдрахматова бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу ниетин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Ал 29-сентябрда Жети-Өгүз округунан аттануу үчүн БШКга арыз берген.

Бир мандаттуу округдардан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 57ге жетти.

Арасында Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болууну каалаган эл өкүлдөрү, Азизбек Турсунбаев, Самат Ибраев, Автандил Кулбараков, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев бар. Боршайкомдун мурдагы мүчөлөрүнөн Атыр Абдрахматова, Акылбек Сариевдер да шайлоого аттанган.

Төмөндө жалпы арыз бергендердин тизмеси:

Лейлек шайлоо округунан;

  1. Бекмуратов Баймурат;
  2. Сегизбаев Мирбек

Баткен шайлоо округунан;

  1. Исламбеков Белек

Кадамжай шайлоо округунан;

  1. Насиров Абдижамил
  2. Талипов Нурали
  3. Атажанов Ырысбек
  4. Ганыев Каныбек

Куршаб шайлоо округунан;

  1. Танабаев Нурлан

Өзгөн шайлоо округунан;

  1. Сатыбалдиев Эьмурза

Алай шайлоо округунан;

  1. Ибраимов Санжар

Араван шайлоо округунан;

  1. Обдунов Элмурат

Жалал Абад шайлоо округунан;

  1. Шаимкулов Манас

Сузак шайлоо округунан;

  1. Кебекбаев Сабыралы
  2. Абдыбахапов Абдыманап
  3. Лилиенталь Юлия
  4. Жээнбеков Жусупжан
  5. Икрамов Тазабек

 Ала-Бука шайлоо округунан:

  1. Турсунбаев Азизбек

Токтогул шайлоо округунан;

  1. Сулайманов Кундузбек

Ноокен шайлоо округунан;

  1. Сыдыков Бактыбек
  2. Арстанбеков Акылбек

Базар-Коргон шайлоо округунан;

  1. Алтынбеков Айбек

Ленин шайлоо округунан;

  1. Нурланбеков Актилек
  2. Карагулов Кубанычбек

Окрябрь шайлоо округунан;

  1. Усупов Тилек
  2. Кыдырмышев Руслан

Ысык-Ата шайлоо округунан;

  1. Дурсунов Атамша
  2. Курманов Байыш
  3. Таштанбеков Акбокон

Чүй-Кемин шайлоо округунан;

  1. Сейтказиев Анаш
  2. Исаев Канатбек
  3. Саккараев Медербек
  4. Абакиров Аскар
  5. Дүйшеналиев Нурлан

Биринчи май шайлоо округунан;

  1. Токтакунов Нурбек

Аламүдүн шайлоо округунан;

  1. Калдарбеков Элдияр

Москва шайлоо округунан;

  1. Булекбаев Эркин

Кочкор шайлоо округунан;

  1. Алымжанов Айбек
  2. Мелисов Азамат
  3. Асанбаев Майрамбек
  4. Кулбараков Автандил
  5. Мусагул уулу Амантур

Жети-Өгүз шайлоо округунан;

  1. Малиев Арсланбек
  2. Төлөгөнов Бакыт
  3. Абдрахматова Атыр
  4. Ибраев Саматбек

Ысык-Көл шайлоо округунан;

  1. Тукунов Акжолтой
  2. Сарбагышев Талантбек
  3. Сураналиев Талгат

Нарын шайлоо округунан;

  1. Сариев Акылбек
  2. Абдылдаев Райымбек

Сокулук шайлоо округунан;

  1. Аширбаев Элкинбек

Көк-Жар шайлоо округунан;

  1. Мадмаров Уланбек
  2. Абдрахманов Азамат
  3. Мурзакматов Байжигит

Жайыл шайлоо округунан;

  1. Иманкулов Эркин

Талас шайлоо округунан;

  1. Абдыкадыров Эмилбек

Быйыл Жогорку Кеңешке 90 депутаттын 54ү партиялык, 36сы бир мандатту округдан шайланышы керек. Бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Бирдиктүү округдан шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Таза шайлоо болбогонуна нааразы болгон партиялар 5-октябрда митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*