Коронавирустан дагы эки бейтап каза болду

30-сентябрда Кыргызстанда коронавирустан эки бейтап каза болуп, 88 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб билдирди. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталууда.

  • Бишкек — 54
  • Чүй облусу – 15
  • Ош облусу – 1
  • Талас — 1
  • Нарын — 2
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Жалал-Абадда — 3

Ош шаарында жана Баткен облусунда вирус жуктургандар катталган жок.

Бүгүнкү күнү 430 адам ооруканада, 808 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 178 532 адам болду. Бир күндө 104 адам айыгып чыкты. Инфекция катталган убактан тартып айыккандардын саны — 173 206. Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун расмий саны 2607 кишиге жетти.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*