
Кыргызстандын медиа коомчулугу жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө каршы болуп президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго жана юстиция министри Асел Чыныбаеванын атына кайрылуу жолдошту.
Кайрылуу ээлери «ЖМК тууралуу» жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдарды өзгөртүүсүз калтырууну өтүнүшүүдө. Анда алар ЖМК ишмердүүлүгүн тескөөчү мыйзамдар чукул өзгөртүлгөнүн белгилешкен жана долбоор ачык талкууланбай жатканына нааразылык билдиришкен.
«ЖМКлардын жана журналисттердин ишин жөнгө салган мыйзамдардын («Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө») биринчи кезекте караштырылып жаткандыгы тынчсыздандырууда. Бул максаттарда, шашылыш түрдө 2021-жылдын 13-сентябрында тегерек стол өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттер белгилүү формулировкалар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде сунуштарды кийрүүнү сунуш кылып жатышат. ЖМКлардын жана журналисттердин ишин жөндөөчү мыйзамдар жарандар, массалык маалымат каражаттары, журналисттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосундагы өз ара мамилелердин татаал түрдүүлүгүн караштырып келет. Бул жаатта каалаган өзгөртүүнү, анын ичинде анча олуттуу эмесин да киргизүү терең талдоону, бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкууну талап кылат. Мыйзамга кандайдыр-бир өзгөртүүнү киргизүү үчүн белгилүү бир укуктук карым-катнаштарды жөндөө максатында концепцияны иштеп чыгуу зарыл, мисалы журналисттер менен ЖМКлардын маалыматка жетүү укугу, башка ченемдик укуктук актылар менен шайкешүүсү ж. б. Мыйзам долбоорунун концепциясынын жоктугу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» мыйзамынын (51-бер. 6-бөл., 56-бер.) ченемдерине каршы келет. ММКлар жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо аракетинин алкагындагы иш киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясын аныктабастан жүргүзүлүп жатат», -деп айтылат кайрылууда.
Буга байланыштуу медиа коомчулук ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун эрте деп эсептешет.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан «Маалымат каражаттары тууралуу», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» жана КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Министрлик сунушу боюнча, «Маалымат каражаттары тууралуу» жана «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү» эки мыйзам бириктирилет.
Оставьте первый комментарий