
«Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун кызматкерлерине униформа кийгизип жатканы социалдык тармакта талкууга түштү. Интернет колдонуучулардын бир бөлүгү муну сынга алышса, экинчиси колдоп жатат.
«Сен түкүргөн, какырган, пакет, желим бөтөлкө, чылым калдыгын, семичке кабыгын, момпосуй кагазын, балаң заңдаган жалаякты, алма почогун, иши кылып колуңа киргенди ыргыткан көчөлөрдү, арыктарды, бактарды, аянттарды ушундай апалар жана аталар тазалайт. “Айлык алып жатат го, тазаласын!” деп кербезденип, арткан калдыгыңды мойнуна артып, ишине иш, түйшүгүнө түйшүк кошуп кеткен тазалыктын жоокерлери — ушундай энелер. Бул сүрөттү койгондорду урушпагыла, байболгур. Миң сөгүнсөң деле чындык ушул. Бул апалар алган айлыкка өзүнүн үй ичинен башка жакты таштанды салчу үкөктөй көргөн көпчүлүктүн чачкан ыпыр-сыпырын таң атпай шыпырмак мындай турсун, ордумдан козголомбу деп бир сурайлычы өзүбүздөн. Бул сүрөт, билгенге, тазалыкка чакырган тагдырыбыз. Эсиңе кел, уял, карынын каргышына калба деген эскертүү», — деп жазды мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Нуржигит Кадырбеков.
Биздин редакция «Ош-Тазалык» ишканасы униформа үчүн канча каражат коротконун аныктады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, “Ош-Тазалык» ишканас акыркы жолу 11-июнда атайын кызматтык кийимдерге тендер жарыялаган. Анда 29 000 сомдук тендерди түз келишим аркылуу ”Эл-Баязит” жоопкерчилиги чектелген коому утуп, 27 даана кызматтык жилет жана 42 даана футболка сатып берген.
Нурбек Исмаилов деген ким?
Нурбек Исмаилов “Ош-Тазалык» ишканасынынын жетекиси болуп 2018-жылы декабрда дайындалган. Ага чейин Ош шаарынын борбордук базарында салык инспектору жана автобустар паркында жетекчинин орун басары болуп иштеген.
Исмаилов эрежесиз эр уруштун мушкери. Мурунку жылдагы Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоолорго «Биримдиктин» тизмеси менен депутаттыкка аттанган. Анын аталган партиянын штабында жүргөн видеолору бир нече ирет тараган. 2015-жылдагы шайлоодо «Ата-Журт» партиясынын тизмесинде болгон.
Быйылкы жылы жокко чыккан шайлоодо Нурбек Исмалов бийликчил делген «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан. Анда ал мыйзам бузду делген талапкерлердин тизмесинде аты аталган.
Кийинки шайлоодо ал кайра эле «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан шайлоого катышып, мандат алган. Бирок мыйзамсыз мандат алгандыктан аны тапшырып берип, Ош-Тазалык» ишканасынынын жетекиси болуп дайындалды.
Жыйынтык: «Ош-Тазалык» ишканасы униформа алуу үчүн 29 000 сом короткон. Футболка менен жилеттин ар бир даанасы 420 сомдон айланган.
Оставьте первый комментарий