Ошто көрүстөндөгү тосмолорду уурдоого шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

Ош шаарындагы көрүстөндөрдүн тосмолорун уурдап, темир алгандарга сатууга шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 30-сентябрда шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда шектүү Ош шаарынын тургуну болгон. Ал шериги менен бирге жаз мезгилинен бери мүрзөлөрдөн темир тосмолорду уурдап жүргөн.

«Ушул жылдын жаз айларынан тартып бир нече ирет мүрзөлөрдөн темир тосмолорду уурдап, такси менен кара металл алуучу пункттарга сатып турган. Алган акчаларын өз кызыкчылыктарына иштетишкен» — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция уурдалган темирди сатып алган адамдар да жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Учурда факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн шериктери аныктала элек.

Автор Наргиза Анарбай кызы 1233 статьи
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*