Алмазбек Баатырбеков бир мандаттуу округдан талапкерлигин койду

Мурдагы вице-премьер министр Алмазбек Баатырбеков бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу ниетин билдирди. Ал Нарын округунан талапкерлигин көрсөтүп 1-октябрда БШКга арыз жазган. 

Быйыл бир катар эл өкүлдөрү менен бирге Алмазбек Баатырбековго да УКМК «Кумтөр иши» боюнча кылмыш ишин козгогон. Мурдагы депутат Баатырбековдун соту 1-сентябрдан тарта жүрүп жатат. 29-сентябрда сотук отурум болбой калып, 12-октябрга жылган.

Баатырбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. Ал 2020-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген.

Учурда бир мандаттуу округдардан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер 70ке жетти. Арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Азизбек Турсунбаев, Самат Ибраев, Автандил Кулбараков, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев бар.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 487 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо