
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл өкмөттүн имаратынан чыккан өрт 4 саатта өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча тилсиз жоо көмүрканадан чыгып, айыл өкмөттүн имаратынын 1 кабатына өтүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыл өкмөттүн көмүр сактоочу жеринде 20 тонна көмүр күйүп жанаша жайгашкан имаратка өтүп кеткен.
Тилсиз жоо 09:03тө чектөөгө алынып, 12:06да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Оставьте первый комментарий