Өмүрбек Бакиров парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Өмүрбек Бакиров

Депутат Өмүрбек Бакиров парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. Ал талапкерлигин №4 Көк-Жар (Ноокат району) округунан көрсөттү.

Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышууну каалагандардын саны жалпысынан 194 кишиге жетти. Алардын ондон ашууну талапкер болуп катталганын 9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти. Арыздарды кабыл алуу 13-октябрда кечки саат алтыда аяктайт.

Быйыл Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. Алардын 54ү партиялык, 36сы бир мандатту округдан келет. БШК бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендердин арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин кабыл алат. Бир талапкер бир округдан гана катталат.

Ал эми бирдиктүү округдан шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын канчасы каттала турганы азырынча анык эмес. Шайлоого аттанган партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин такташы жана алар тууралуу тийиштүү маалыматтарды БШКга берүүгө тийиш.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Таза шайлоо болбогонуна нааразы болгон партиялар 5-октябрда митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо