Оштун вице-мэри Жасур Азимовго козголгон кылмыш иштери кыскартылды

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго карата «Шайлоочуларды сатып алуу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча козголгон кылмыш иштери кыскартылды. Маалыматты «Т-Медиага» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

«Азимовдун үстүнөн сотко чейинки өндүрүш үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинде Ош шаардык милициясында Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле 192-берене («Шайлоочуларды сатып алуу») боюнча да бир иш ачылган. Анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан милиция  өндүрүш иштерди кыскартты»,  -деп айтылат маалыматта.

«Кызмат абалынан кыянат пайдалануу»

Жасур Азимов жер алдамчылыкка шектелген. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ош шаарынын вице-мэринин 2020-жылдын 4-сентябрындагы жарлыгы менен Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан жер 2,5 млн сомго бааланып, түз сатуу жолу менен «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөн. Аталган жагдайларга карата Ош шаардык прокуратурасынын жүргүзгөн текшерүүсүндө жогоруда белгиленген жер аянтынын нарктык базар баасы 72 млн. сомду түзөөрү аныкталып, айрымасы болуп 69 млн. 500 миң сомго аз көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, 2,5 млн сом бүгүнкү күнгө чейин шаардык бюджетке төлөнө электиги аныкталган. Мындан улам прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Жер сатуу боюнча келишимге кол койгон вице-мэр Жасур Азимов мэриянын аракети мыйзамдуу болгон деп айткан. Анын пикиринде, алар өкмөттүн №571 токтомуна таянып түз келишим менен жерди сатышкан. Ал эми жердин баасын тиешелүү кызмат адамдары баалап берген.

«Шайлоочуларды сатып алуу»

Быйыл 11-апрелде өткөн Ош шаардык кеңешине шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан убакта вице-мэр Азимовдун атынан элге жардам катары азык-түлүк тараткан видео тараган эле. Анын негизинде шайлоо алдында 31-мартта беш партия өкүлү нааразачылык билдирип маалымат жыйын курушкан.

Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Ош менен катар эле Бишкек жана Токмок шаарларында да добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлда өттү.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо