Папанда көпүрө кулап, көмүр ташыган унаа сууга түшүп кетти. Видео

Кара-Суу районунунун Папан аймагында көпүрө кулап, көмүр ташыган унаа сууга түшүп кетти. Бул тууралуу «Т-Медиага» жергиликтүү тургундар билдиришти.

Окуя бүгүн, 11-октябрда саат 15:00дөр чамасында болгон. Көпүрө көмүр жүктөп келе жаткан унаа өтүп бара жатканда кулаган.

«Кожокеленден көмүр ташып келе жаткан “Хово” унаасы өтүп бара жатканда түшүп кетти. Бул Оштон Папанга кирчүү негизги көпүрө болчу. 20 тоннадан ашыкча жүк менен өтүүгө болбойт деген белги да коюлган эле. Көмүр ташыгандар үчүн атайын башка жол курулган. Бирок, ага карабай эле ушул жолдон каттап жатышкан», — дейт Папан айыл өкмөтүнүн тургуну Равшанбек Нурматов.

Жашоочулар кошумчалашкандай, көпүрөнүн кулашы менен Папан айыл өкмөтү менен Ошту бириктирген каттам токтогон. 

Эми башка аймактарга келүү үчүн тургундар Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылы менен 2 саатта, Ноокат району аркылуу 3 саат жол жүрүшө тургандыктарын билдиришүүдө.

Окуя боюнча экинчи тарап менен байланышууга азырынча мүмкүн болбой жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо