Сүйүн Өмүрзаков ИИМдеги ишин тапшырды. Ал шайлоого барат

Сүрөт: ИИМ

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков кызматын тапшырды. Ал парламенттик шайлоого катышарын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда Өмүрзаковду ИИМден узатуу иш-чарасы болуп, ага президенттин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Адилет Жанузаков, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары жана башкармалыктардын башчылары катышты. Анда Жанузаков Сүйүн Өмүрзаковдун берген арызына байланыштуу кызмат ордунан бошотулгандыгын жана анын ордуна Адыл Бийбосунов дайындалгандыгын билдирди.

Өмүрзаков 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого өз алдынча талапкер катары катышары же партия мененби, азырынча ачыктала элек.

«Мен министрдин биринчи орун басары катары кызматта олтуруп убактылуу рапортумду жазып шайлоого катышсам деле болмок. Бирок мен жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой, шайлоого башка талапкерлер менен бирдей атаандаштыкта калыс катышайын деп чечтим», -деген ал.

Сүйүн Өмүрзаков ИИМ башчысынын биринчи орун басары болуп 2016-жылы дайындалган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо