«Али Токтакунов МедиаХабынын» журналисти зомбулукка туш болду

Кечээ, 11-октябрь күнү кечинде Бишкек шаарында «Али Токтакунов МедиаХабынын» журналисти Мээрим Айныкеева белгисиз бирөөнүн зомбулугуна туш болду. Бул тууралуу аталган басылмадан билдиришти.

Окуя  Токтогул-Манас көчөсүнүн кесилишиндеги «Шахрезада» кафесинде орун алган.  Бейтааныш адам жолун тороп, колунан кармап кое бербей анын университетте, «Акчабарда» иштегенин, азыр Али Токтакунов менен иштешерин, жерлиги, жеке турмушу тууралуу айткан. 

«Ал журналистке “Али Токтакунов кандай адам, азыр каякта?” деген суроолорду берген. Кыздардын жанынан кетпей, алар кафеден чыгып баратканда да артынан калган эмес. Аны Мээрим сүрөткө тартып алганда колунан телефонун жулуп алууга аракет кылган. Өзүн “УКМКда иштейм” деп тааныштырган. Кыздар кетип баратканда “она такси вызывала” деп бирөөгө телефондон кабарлаган», — деп айтылат басылма тараткан маалыматта.

Ошондой эле басылманын бир нече кызматкерлеринин Фейсбук жана Телеграм аккаунттарына да хакердик чабуулдар жасалган.

Мээрим Айныкеева буга чейин бир нече чуулгандуу иликтөөлөрдү жасап келген. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен бул боюнча комментарий боло элек.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо