Чолпонбек Абыкеев мамкатчылыктан кетип, президентке кеңешчи болуп дайындалды

Чолпонбек Абыкеев/ Сүрөт: Султан Досалиев

Чолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчы кызматынан бошотулуп, президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун 12-октябрда президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Абыкеев 65 жашта. Ал жазуучу жана журналист катары белгилүү. Мамлекеттик катчы кызматына үстүбүздөгү жылдын июль айында келген. Ага чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп турган.

Чолпонбек Абыкеев «Аалам» гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон. Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеп, кийин Мамлекеттик архивди башкарган.

Автор Т-медиа 10570 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*