Президент «Министрлер Кабинети жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 6-октябрында кабыл алынган «Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду. 

Ага ылайык, аталган мыйзам аткаруу бийлик органдарынын системасын аныктайт жана Министрлер Кабинетинин ишин калыптандыруу жана уюштуруу тартибин, өкмөт мүчөлөрүнүн укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана ошондой эле кепилдиктерин жөнгө салат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана башка мүчөсү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер үчүн төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:

  1. Жогорку билимдүү, ошондой эле мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу зарыл.
  2. Талапкерлер квалификациялык талаптардан сырткары, Кыргызстандын жараны болуп, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.

Ошондой эле, Конституциянын 89-беренесин ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошол эле учурда Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болору мыйзам менен аныкталат.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн бир катар чектөөлөр белгиленген:

  1. Жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга  укугу жок;
  2. Министрлер Кабинетинин мүчөсү кызматына киришип жатып жеке (өз) кызыкчылыктары тууралуу декларациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасына берүүгө тийиш. 

Мыйзамда Министрлер Кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү маселелери жөнгө салынган. Алсак, өкмөт мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат. 

Аны менен бирге, президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин Төрагасын же Министрлер Кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ.

Бир эле учурда, мыйзам менен Министрлер Кабинетинин, анын ичинде жогорку коллегиалдуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу,  Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле бардыгы биригип аткаруу бийлик органдарынын системасын түзгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын укуктары аныкталат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ болот.

Бул конституциялык мыйзам кол коюлган күндөн  баштап күчүнө кирет, андан кийин Мамлекет башчысы тарабынан Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлер макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет. 

Белгилей кетсек, акыркы айларда аталган конституциялык мыйзамдын тегерегинде талкуулар жүргүзүлгөн. Ага кол коюлгандан кийин, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, Министрлер Кабинети толугу менен иштеп баштайт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо