Бекешев: айрым талапкерлер, партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алганы жатат

Дастан Бекешев

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда айрым талапкерлер жана партиялар электрондук капчык аркылуу добуш сатып алышы мүмкүн. Мындай пикирин бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. 

«Эки жумадан кийин үгүт иштери башталат. Биз баары шайлоо фонду аркылуу накталай эмес төлөнсүн деп мыйзамга киргиздик эле. Бирок ошол эле кезде добуш сатып алуунун технологиясы да өзгөрүп атат. Айрым талапкерлер, партиялар добуш сатып алууну электрондук капчык менен жүргүзөбүз дешүүдө. Бул ыкма мүмкүн аймактарда колдонулбайт. Бирок Ош жана Бишкек шаарларында жаштар арасында ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан УКМК, Улуттук банк, финполиция ошол күндөру электрондук капчыктарды көзөлгө алсаңар. Мисалы, бир капчыктан бештен жогору операциялар болсо, эки миң сомдон бирөөгө ыргытса, анда аларды көзөмөлгө алыш керек”.Кээ бир талапкерлер ушул жолду пайдаланабыз дешүүдө». 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы конституцияга ылайык, 90 депутат шайланат. Алардын 54ү партиялык, 36сы бир мандатту округдан келет.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Бул өнөктүк таза эмес өткөнүн айткан партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг уюштуруп, натыйжада өлкөдө бийлик алмашкан. БШК кийин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо