Көчмөн талапкерлер. «Ынтымак» партиясынан тизмегин текшеребиз

«Ынтымак» саясий партиясы 11-октябрь күнү Бишкек шаарында съездин өткөрүп, парламенттик шайлоого талапкерлеринин тизмесин бекитти. Курултайдын жыйынтыгында партиянын алгачкы ондук тизмеси ачыкталды.

Ага ылайык, аталган партияны Жогорку Кеңешке Чыңгыз Макешов баштап барат.

Андан кийин Марлен Маматалиев, Сагындык Келдибаев, Рада Түмөнбаева, Талант Мамытов өндүү Жогорку Кеңештин депутаттары бар. Мындан тышкары, Алмамбет Шыкмаматов, Балбак Түлөбаев, Адинай Марипова, Нурболот Мирзахмедов, Жаркынбек Касымбеков, Эрулан Көкүловдор катарды толуктайт.

Биздин редакция «Ынтымак» партиясынын тизмесиндеги алдыңкы талапкерлерге токтолду.

Төрт ирет партия алмаштырган Чыңгыз Макешов

«Ынтымакты» бул ирет шайлоого Чыңгыз Макешов баштап баратат. Ал Жогорку Кеңештин депутаты жана «Келечек-Будущее» партиясынын лидери. Ушул жылдын 21-июнунда КСДП партиясынын тизмеси менен мандат алган. 

Депутаттыкка чейин ишкерлик менен алектенген. 45 жаштагы Макешов 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Ыйман Нуру» партиясын баштап барган. 

Быйыл болсо ал «Келечек-Будущее» партиясын жетектеген.  Аталган партия 11-июлда өткөн Бишкек жана Ош шаардык кеңешине шайлоого катышып, Макешов Бишкек шаардык кеңешке партиянын тизмесинде биринчи болуп барган.

Макешовдун ысымы буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен болгон партия тууралуу талашында аталган. Чыңгыз Макешов журналист Майрам Базлакунова менен маек куруп, «Ынтымак» партиянын негиздөөчүсү Айбек Осмоновго бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов тарабынан «басым болгонун» билдирген.

«Республика — Ата-Журттан» «Ынтымакка» айлангандар.

Марлен Маматалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, Кадр кызматынын башчысы Абдрахман Маматалиевдин уулу. 40 жашта. 2018-жылы Жогорку Кеңешинин VI чакырылышында «Республика — Ата Журт» саясий партиясынан мандат алган.

Былтыры жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттаган. Ал эми быйылкы шайлоолорго «Ынтымак» партиясынын лидери катары бара жатат.

Сагындык Келдибаев

Сагындык Келдибаев 2018-жылы Жогорку Кеңешке «Республика—Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. Ага чейин ишкерлик менен алектенген. Анын аты депутат болгон жылы Россиянын жарандыгы бар делген чуу менен таанылган. Бирок, кийин ал муну четке каккан. Келдибаев да быйылкы шайлоого «Ынтымактын» тизмеси менен аттанды.

Рада Түмөнбаева

Депутат Рада Түмөнбаева да «Республика—Ата-Журттан» «Ынтымакка» айлангандардын катарын толуктайт. 2018-жылкы шайлоодо Жогорку Кеңешке келген.

Талант Мамытов

Талант Мамытов дагы депутаттыкка 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата-Журт» саясий партиясынан тизмеси менен депутат болгон. 2011-2013 жылдары «Ата-Журт» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2015-жылы «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоо «Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Октябрь окуяларынан кийин Талант Мамытов парламенттин төрагалыгын аркалап келүүдө. Ал ортодо президенттин милдетин да аткарганга жетишти.

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов 2015-жылы «Ата Мекен» партиясы менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болгон. 2017-жылдан тарта аталган фракцияны жетектеген. Ал эми 2019-жылдын декабрь айында Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон «келишпестиктерден» улам мандатын тапшырып, «Ата Мекен» партиясынын катарынан чыккан.

2020-жылдын октябрь айында өткөн жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо Алмамбет Шыкмаматов «Бир Бол» партиясын жетектеп барган. Кийин 2021-жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоодо Шыкмаматов Садыр Жапаровдун Нарын облусу боюнча штабын жетектеген.

Андан соң февраль айында  Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалган. Сентябрдын аягында болсо ал кызматын тапшырып, шайлоого бара турганы айылган. Бул ирет ал «Ынтымактын» тизмеси менен аттанды.

Балбак Түлөбаев

Балбак Түлөбаев 2018-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген. 2020-жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. 

Ал эми октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган. Бул кызматтан үстүбүздөгү жылдын 8-февралында 100 күндүк мэрликтен кийин өзү жазган арызынын негизинде кызматын тапшырган. Бул шайлоого ал «Ынтымак» партиясын тандаган.

«Мекенчилден» «Ынтымакка»

Адинай Марипова

«Ынтымак» париясынын тизмесиндегилердин катарын президент Садыр Жапаровдун жардамчысы Адинай Марипова да толуктайт.

Ал бул кызматка ушул жылдын апрелинде дайындалган. Ага чейин Марипова «Чемпион» каймана аты менен таанымал ошол учурдагы депутат, учурдагы Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин консультанты болуп иштеп келген. Өткөн жылдын октябрь айындагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Марипова президенттик шайлоодо Жапаровдун үгүт кампаниясында да иштеген. 

Ошондой эле «Ынтымактын» катарын журналист, жарандык активист «Не сахар» долбоорунун автору Эрулан Көкүлов, мурдагы ӨКМ министри Нурболот Мирзахмедов да толуктайт.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Ынтымак» саясий партиясын Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиев жетектейт. Аталган партияны 10 адам негиздеген жана 2012-жылы каттоодон өткөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо