Коронавирустан эки бейтап каза болду. Илдет 63 кишиден аныкталды

Бүгүн, 13-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен эки бейтап көз жумду. Ооруну дагы 63 киши жуктуруп алды. Ошол эле учурда 122 адам айыгып чыкты.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, жаңы учурлардын 35и Бишкекте, 16сы Чүйдө, бирөө Ош облусунда, дагы бири Таласта, сегизи Ыссык-Көлдө, экөө Жалал-Абадда катталган.

Өткөн жылдын 18-мартынан бери жалпы коронавирус жуктургандардын расмий саны  179 492ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 174 320. Курмандыктар 2624.

Учурда стационарда 430 жана амбулатордук түрдө 623 адам дарыланып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо