Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин жаңы курамын колдоду

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды. Ага 87 депутат макул болуп, каршылар болгон жок.

Ошентип, жаңы курамына төмөнкүлөр кирди:

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын башчысы – Акылбек Жапаров;

Төраганын биринчи орун басары – Арзыбек Кожошев;

Төраганын орун басары – Азиз Аалиев;

Төраганын орун басары – Эдил Байсалов;

Төраганын орун басары – УКМКнын төрагасы – Камчыбек Ташиев;

Экономика жана коммерция министри – Данияр Амангелдиев;

Финансы министри – Алмаз Бакетаев;

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри – Руслан Казакбаев;

Юстиция министри – Аяз Баетов;

Транспорт жана коммуникация министри – Эркинбек Осоев;

Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министри – Аскарбек Жаныбеков;

Энергетика министри – Доскул Бекмурзаев;

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри – Динара Кутманова;

Саламаттыкты сактоо министри – Алымкадыр Бейшеналиев;

Билим берүү жана илим министри – Болотбек Купешев;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри – Азамат Жаманкулов;

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри – Кудайберген Базарбаев;

Коргоо министри – Бактыбек Бекболотов;

Ички иштер министри – Улан Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажикеев.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо