Бир мандаттуу округдардан аял талапкерлердин эң көбү Ысык-Көлдө. Инфографика

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдардан талапкер болуп катталуу үчүн арыз менен кайрылгандар 381 адам болгонун билдирди. Алардын ичинен 31и аял, 350сү эркек.

Талапкерлердин арызын кабыл алуу 13-октябрда токтоду.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.

Бир мандаттуу округдардан талапкерлерди каттоо 29-октябрда жыйынтыкталат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо