Эдил Байсалов: биз депутаттарга жалдырабай иштейбиз

Эдил Байсалов/ Сүрөт: Султан Досалиев

Мындан ары өкмөт мурдагыдай парламентке көз каранды болбой иштейт. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов билдирди. 

Ал «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө сүйлөп жатып мындан ары өкмөт мурдагыдай техникалык болбой турганын белгиледи. Байсалов жаңы өкмөттүн милдети алдыдагы парламенттик шайлоону таза, адилет,  жана акыйкат өткөрүү экенин айтты. 

«Өзүңүздөр билесиздер, президент өзүнө таандык партияны же саясий күчтү шайлоого катыштырган жок. Бирок бизде толук ишеним бар, кайсы партиялар өтсө, ошол жерде туруктуу, президенттин саясатын колдогон көпчүлүк түзүлөт. Бизге мурдагыдай 90 депутаттын колдоосу кереги жок. 45-55 депутат менен иштейбиз, ошолор мыйзамдарды кабыл алат. Калганыңыздарда айтып коёлу: «Ошол жерде жер тепкилесеңер дагы биздин кылыбыз кыйшайбайт. Бизди алаксыта албайсыңар. Силерге жалдырабай, өнүгүүнүн үстүндө иштейбиз», -деди Байсалов.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Жаңы өкмөттүн курамына Жогорку Кеңеш 13-октябрда макулдугун берди.

Өкмөттүн жаңы курамында буга чейин Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов да бар. Ал Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо