Коронавирустан дагы үч киши каза болду, 91 учур жаңы аныкталды

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб билдиргендей, 14-октябрда ооруну жугузуп алган үч бейтап каза болду. Маалыматка караганда, алардын баары вакцина албагандар. 

Илдет 91 адамдан аныкталды. Ооруну жугузуп алгандардын көбү Бишкек менен Чүйдө болууда.

  • Бишкек — 57
  • Ош шаарында — 3
  • Чүй облусу – 17
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу — 1
  • Нарында — 1
  • Ысык-Көл облусу – 9
  • Жалал-Абад облусу – 2

Баткен облусунда ооруну жаңы жугузуп алгандар катталган эмес.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 583 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 627 адам каза болду. Бир күндө 87 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 455 адам ооруканада, 596 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо