Текебаев: президент Акылбек Жапаровду көзөмөлдөш үчүн андан эки эсе тез ойлонушу керек

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңы өкмөттү эл менен эсептешип, кызматташууга даяр турууга чакырды. Бул тууралуу оюн ал «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө билдирди. 

«Президент Акылбек Жапаровду көзөмөлдөш үчүн андан эки эсе тез ойлонуш керек. Ал (ред-Акылбек Жапаров) абдан тез ойлонот. Ага караганда эки эсе алысты көрө билиши зарыл. Эки эсе билимдүү болушу керек. Жалгыз президент аны көзөмөлдөй албайт. Коомдук пикир, журналисттердин эркиндиги керек жана парламентте көрөгөч, дасыккан, тажрыйбасы бар, тайманбаган оппозиция керек. Бийликтегилердин түбүнө кошоматчылар жеткен. «Азчылыкты укпайбыз, чындыкты, элдин оюн айткандарды укпайбыз. Кылыбыз кыйшайбай, өзүбүз кете беребиз» дегени ээрге кыйшак отурганды билгизет. Элдин бир бөлүгү бүгүнкү азчылык, эртең ал көпчүлүк болот. Акыркы тарыхыбыз эле көрсөттү. Кылым кыйшайбайт деген Сооронбай, Алмаз каякта? Ушул эле сөздү Бакиевдин адамдары да айткан. Алар каякта? Эл менен эсептешиш керек. 40 депутат менен эсептешбейбиз деген туура эмес. Алардын артында 3 млн эл турат». 

Ушул эле берүүдө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов мындан ары өкмөт мурдагыдай парламентке көз каранды жагдайда иштебей турганын айткан эле. 

Президент Садыр Жапаров 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси кылып Акылбек Жапаровду дайындады. Жаңы өкмөттүн курамына Жогорку Кеңеш макулдук берди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо